Автобустар СИМАЗ маркасынан, 2258 типтеги, коммерциялык жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган.
Автобустардын конструкциясы БУУнун талаптарына жана "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" боюнча Техникалык регламенти (ТР ТС 018/2011) менен белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берет.
2258-0000010-554 модификациясында ISUZU дизель кыймылдаткычтары, 4HК1 (4HК1E5СС) орнотулган.
2258-0000010-554 модификациясы I класстагы автобус болуп, турган жүргүнчүлөр үчүн бөлүнгөн аянтча жана автобусунун арткы бөлүгүндө инвалиддердин арбашы үчүн аянтча бар. Инвалиддердин арбашынын автобуска кирүүсүн жеңилдетүү үчүн полду төмөндөтүү системасы жана атайын бөлүктө жайгашкан бүктөлүүчү аппарель каралган.
Полду төмөндөтүү системасы - арткы аспа, ийкемдүү пневматикалык элементтер менен, арткы аянтчанын жер деңгээлинен (жолдон) бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Tell us what you need and get quotes from verified suppliers